Жалал-Абад:Селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

2022-жылдын 17-июнь күнү болжол менен саат 22:30да чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн сел суулары Гуруч учатскасындагы дамбаны жээгин жеп Чаңгыр-Таш жана Калинин айылындагы болжолдуу 55 турак жайдын короо жайларын суу каптаган жана 2 мектептин, 1 оорукананын короосуна суу кирген.

Андан сырткары Сузак – Кара-Дарыя автоунаа жолунун 6-чакырымына кум аралаш шагыл түшүп, жол убактылуу жабылган.

Аталган айыл өкмөттө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А.Закировдун жетекчилигинде 2 офицер тартылып, жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте Чангыр-Таш, Калинин айылдарында турак үйлөргө киргендиги жана абалы боюнча жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Жолго түшкөн кум аралаш шагылды тазалоо үчүн 4 бирдик авто жүктөгүч, 1 бирдик “KAMAZ” самосовал, 1 бирдик МТЗ-82 трактору тартылып 23:30 га жол толук кандуу ачылган.