Жалал-Абад: Спорт-ден соолуктун булагы
ЖАЛАЛ-АБАД: СПОРТ – ДЕН СООЛУКТУН БУЛАГЫ
Бүгүн, 5-март күнү КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык бөлүмдөрүнүн арасында квартал сайын өтүүчү спорттун волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеши өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага 12 команда катышып, мыктылардын мыктысы аныкталды.
Кичи футбол боюнча биринчи орунду Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү багындырса, волейбол боюнча биринчиликти Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери камсыздады.
Жеңүүчүлөргө Башкармалыктын башчысы полковник Абдулнасир Закиров өтмө кубокторду жана акчалай сыйлыктарды тапшырып, өздүк курамдын кызматкерлерин спорт менен жашоого үндөдү.
Белгилей кетсек, аталган спорттук иш-чара 3-март Туу күнү жана 5-март ак калпак күнүнүн урматына өткөрүлдү.




