Жалал-Абад: Сузак районунун Орток айылында жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
ЖАЛАЛ-АБАД: СУЗАК РАЙОНУНУН ОРТОК АЙЫЛЫНДА ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУ БАР АЙМАКТА ЖАШАГАН ТУРГУНДАРГА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Орток айылы жер көчкү коркунучу бар аймак деп аныкталып, жашоочуларды көчүрүү зарылдыгын айылдын тургундарына ӨКМ кызматкерлери түшүндүрүүдө. Аталган аймак буга чейин да кооптуу деп аталып, көпчүлүк тургундар чек жана ссудаларды алышкан. Анткен менен айылдан айрым тургундары көчүүдөн баш тартышууда.
Белгилей кетсек, бул аймакта жер көчкүлөр алгач 1994-жылдары активдешип баштаган жана 2006-жылдары кайталанган. Аталган айыл элинин дээрлик 90 % кооптуу аймакта жайгашкан.