Жалал-Абад: Табигый жана техногендик кырсыктардан коргонуу боюнча окуу өттү

18.11.2022
АТАЙЫН ОКУТУУЛАР ӨТКӨРҮҮЛҮДӨ
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл жана Майлуу-Суу шаарларынын аймагындагы жашаган калкы жана башкаруу органдары менен табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана пайда болгондо жүрүм-турум эрежелерин, ошондой эле сактануу ыкмаларын үйрөтүү максатында КР ӨКМге караштуу ЖКАДжКД Борбору атайын окутууларды өткөрдү.
Аталган окутууну Борбордун Аймактык кафедрасынын улук окутуучусу капитан Токурова Э.Э. уюштуруп, алып барууда. Окутууга жалпы 224 адам катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР