Жалал-Абад: Тактикалык машыгуулар жер жерлерде өтүүдө

ЖАЛАЛ-АБАД: ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ЖЕР ЖЕРЛЕРДЕ ӨТҮҮДӨ
Таш-Көмүр шаары
боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан жыл башында бекитилген пландын негизинде шаар аймагында жайгашкан №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебине өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Белгиленген иш-чарага тез жардам жана РЭС кызматтары тартылып, өз милдеттерин так аткарышты.
Машыгуунун жүрүшүндө мугалимдерге жана окуучуларга ар кандай кырсык катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери айтылып, жер титирөө катталган учурдагы коопсуздук эрежелери боюнча практика жүзүндө маалыматтар берилди.