Жалал-Абад: Тактикалык машыгуулар жер жерлерде уланууда
ЖАЛАЛ-АБАД:ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУЛАР ЖЕР ЖЕРЛЕРДЕ УЛАНУУДА
Бүгүн, Таш-Көмүр шаары боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан Таш-Көмүр шаарында жайгашкан борбордук базарга өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Аталган машыгууга Жарандык коргонуу кызматтары тартылып, машыгуу учурунда белгилүү болгон кемчилдиктерди жоюу тапшырмасы базар жетекчилигине коюлду.
Машыгуунун жүрүшүндө базарда соода сатык менен алектенген жарандарга өрт жана табият кырсыгы тууралуу түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, өрт жээ өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз 101, 112 номерлерин байланышуу керек экендиги эскертилди.



