Жалал-Абад: Тазалоо жумуштары уланууда

Чек арада жапа чегип жараксыз болгон турак жайларды тазалоого Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 31 кызматкер кошумча күч катары тартылды.
Учурда өздүк курам Миң-Өрүк участкасында 35 турак жайды кол каражаттары жана техникалардын жардамында тазалап, курулуш иштерин жүргүзүүгө даярдашты.