Жалал-Абад: Терек кулап, бир үйдүн чатырын басып калды

Такталган маалымат боюнча Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл өкмөтүнүн Жой-Белент айылында 16-июль күнү кечки саат 20:00 чамасында катуу шамалдын кесепетинен улам турак үйдүн үстүнө терек кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Райондук ӨКБнүн 1 офицери жана 3 куткаруучусу тартылган.

Тактоо иштеринин натыйжасында Дуулатовго таандык турак үйдүн чатырына 3 даана терек кулагандыгы аныкталган. Жергиликтүү тургундардын 1 экскаватору тартылып, теректер үйдүн үстүнөн алынды .

Жабыркагандар жок.