Жалал-Абад: Тилсиз жоодон сак болуңуздар!

ЖАЛАЛ-АБАД:ТИЛСИЗ ЖООДОН САК БОЛУҢУЗДАР!
Ала-Бука районуна караштуу Сары-Талаа айылында жайгашкан №3 Орозалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууга өрт өчүрүү,тез жардам,райондук электр тармактар иш канасынын кызматкерлери тартылып, 397 окуучу, 34 мугалим эвакуацияланып, түтүнгө ууланган окуучулардын ден соолугуна медициналык кароо жүргүзүлдү.
Аталган иш-чаранын катышуучулары белгиленген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө аткарып, машыгуу учурунда кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмасы Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы тарабынан коюлду.