Жалал-Абад: Тогуз-Торо районунда 2 күндүк машыгуу өтүүдө

2022-жылдын 18-19-август күндөрү Тогуз-Торо районунун аймагында райондук Жарандык коргонуу мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын күч каражаттарын тартуу менен “Коркунучтуу заттардын тарашы маалындагы аракеттери жана жумушу” аталышындагы атайын машыгуу өтүүдө.
Машыгуунун жүрүшүндө таң эрте райондук жарандык коргоонуу кызматтарын техникалары жана күч каражаттары күжүрмөн даярдыкка келтирилип алардын даярдыгы тийешелүү комиссия тарабынан көзөмөлгө алынды.
Район аймагында өрт жана табият кырсыктарын катталган мезгилде жергиликтүү тургундарды эвакуациялап жана аларды коопсуз жайга жайгаштырып, жаралган кыйынчылыктарды жоюу аракеттери практика жүзүндө көрсөтүлүүдө.