Жалал-Абад: Торкен-Толук унаа жолу бир тараптуу ачык

🔷ЖАЛАЛ-АБАД:ТОРКЕН—ТОЛУК УНАА ЖОЛУ БИР ТАРАПТУУ АЧЫК
‼️Токтогул районунун Толук айыл өкмөтүндө бир нече күндөн бери кар жаап, кардын калындыгы айрым жерлерде 1-2 метрге чейин жетип, Торкент-Толук унаа жолу аркылуу каттам токтогон.
Жалпы унаа жолдун узундугу 110 чакырымды түзсө анын ичинен 30 чакырымында жол ачык. Ошондой эле 18-февраль күнү таңкы саат болжол менен саат 04:30 чамасында унаа жолдун 68-чакырымында 2 тилкеде (1 тилкеде 10800м3, 2 тилкеде 12600м3) кар көчкүлөрү түшкөн.
✅19-февраль күнү Торкен-Толук унаа жолу тазалоо иштеринин натыйжасында саат 13:00дө бир тараптуу ачылган. Бүгүн унаа жолду кеңейтүү иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин ӨКААжКЖКнан 1 бульдозер жана №23 ЖТИден 1 бульдозер тартылды.