Жалал-Абад: Тубдиспансердеги көмүр кампа өрттөндү

18.11.2022
ЖАЛАЛ-АБАД: ТУБДИСПАНСЕРДЕГИ КӨМҮР КАМПА ӨРТТӨНДҮ
Алдын ала маалымат боюнча. Сузак району Таш-Булак айыл аймагына караштуу Сузак-Маала айылынын Транспортная көчөсүндөгү тубдиспансердин көмүрканасында көмүр өрттөнүп жатат деген маалымат 112 кызматына түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө №20 ӨККБдөн 1 бөлүм жардамга саат 20:06да жеткен. Буга кошумча дагы 1 бөлүм жардамга тартылды.
Кампадагы күйүп жаткан көмүрдү сыртка алып чыгуу үчүн 2 даана жеке менчик жүк жүктөгүч иштеп, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону токтотуу аракеттерин көрүшүп, саат 23:30да толук өчүрүшкөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР