Жалал-Абад: Өз өмүрүнө кол салган жаран куткарылды

5-октябрь күнү саат 17:15 чамасында Жалал-Абад шаарынын, Кыргыз Республикасы көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырына 1 аял киши чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылууда деген маалымат келип түшкөн.
Жерине ыкчам түрдө КР ӨКМнин №58 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, турак үйдүн 4-кабатындагы батирдин эшигин бузуп кирип, жаранды куткарып калышкан.
Куткаруучулар аялды ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Аял киши мас болгондугу аныкталган.