Жалал- Абад: Заманбап төрөт үйү курулат
ЖАЛАЛ-АБАД: ЗАМАНБАП ТӨРӨТ ҮЙҮ КУРУЛАТ
Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат.
Бүгүн, аталган төрөт үйүнө капсула салуу аземи орун алып, ага КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жогорку кеңештин депутаты Айбек Маткеримов президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров райондук мекеме иш каналардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жеке ишкерлер тарабынан 270 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган, курулуш иштерин КР ӨКМнин Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасын колго алган.
Курулуш иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү аракети көрүлөрү маалымдалып, курулуш иш тыкыр көзөмөлгө алынарын УКМК төрагасы генерал-лейтенат Камчыбек Ташиев тарабынан баса белгиленди.



