Жалал-Абад: Өздүк документтер жана тиричилик буюмдары өрттөнгөн

Кечээ, 18- декабрда Жалал-Абад шаарына жакын жайгашкан Т.Тайгараев аймактык башкармалыгында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 10:38де чектөөгө алынып, 10:56да толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен тиричилик буюмдары жана үйдүн жашоочуларынын өздүк документтери күйгөн . Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.