Жалал:Абад: Өздүк курам арасында мелдеш өткөрүлдү

Бүгүн, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүндө “Өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн арасында күжүрмөн жайылтуу жана авариалык-куткаруу иштери” боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Ар бир район шаардык бөлүмдө эмгектенген кызматкерледин өжөрлүгүнө, шамдагайлыгына жана чыдамкайлыгына түзүлгөн комиссия тарабынан баа берилип, ар бир өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүндөгү мыкты командалар аныкталып, экинчи этапка Облустук деңгээлде өтүүчү мелдешке жолдомо алышты.
Башкы максат өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүүгө жана билим деңгээлин жогорулатууга багытталат.