Жалал-Абад: Өзгөчө кырдаалды жоюу аракети уланууда

ЖАЛАЛ-АБАД:ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДЫ ЖОЮУ АРАКЕТИ УЛАНУУДА
Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрүнүн аракети менен Майлуу-Суу шаарынын 87%пайызы жылуулук менен камсыз болушту.
Учурда ичүүчү таза суунун 12 чакырым аралыгында эритүү иштери аткарылууда.
Андан сырткары социалдык мекеме-ишканалардагы, көп кабаттуу турак жайлардагы авариялык абалдагы суу түтүкчөлөрүн калыбына келтирүүгө чакырылган адистер жана жылуулук мекемесинин кызматкерлери оңдоп-түзөө иштерин аткарып жатышат.
Саат 20:00гө штабдык олтурумда шаардык Жарандык коргонуу кызматынын аткарган иш аракеттеринин маалыматы берилип, кемчиликтерге жол бербөө жагы Жалал-Абад облусу боюнча Жарандык коргонуу кызматы тарабынан эскертилди.