Жалал-Абад: Жалпы ишембилик өткөрүлдү

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
КР ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Өрт өчүрүү бөлүмчөлөрүнүн айлана-чөйрөсү иретке келтирилип, жаңы көчөттөр тигилди.
Белгилей кетсек, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругунун негизинде айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн 3 айлыгы жарыяланды.