Жалал-Абад: Жол кырсыгынан 2 адам көз жумду

Бишкек – Ош автоунаа жолунун 323 чакырымында жол кырсыгы катталып, “VOLVO” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа менен “LEXUS” 470 үлгүсүндөгү автоунаалары кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү көз жумган.

Жерине Токтогул райондук ӨККБнөн 7 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылган жарандар чыгарылып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.. Учурда тактоо иштери уланууда.