Жалал-Абад: жол тазалоо иштери жүрүүдө

19-20-декабрь күнү аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп тоолуу райондордо жана тоо кыркаларында кар калың жаагандыгына байланыштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун 315-427-чакырымында жолдор тазаланып, кум себүү иштери №30 жол тейлөө мекемеси тарабынан жүрүүдө.
КР ӨКМ эскертет! Узак жолго чыккан айдоочуларды жол коопсуздук эрежелерин так сактап, сак болууга чакырат.