Жалал-Абад: Жолго түшкөн таштар тазаланды

Бүгүн Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 238-чакырымында жана Капчыгай тилкесинде таш кулап, 3 жеңил автоунаа өтө албай калган.

Жерине Тогуз-Торо райондук №46 ӨК-КБнүн куткаруучулардан турган ыкчам тобу жана Жол тейлөө ишканасынан 1 автожүктөгүч тазалоого тартылып, жол каттамы саат 09:45те толук кандуу ачылып, жарандарды унаалары менен өткөрүп беришкен.