Жанаша турган унаалар күйүп кетти

1-декабрь күнү саат 03:20 чамасында Биринчи Май районунун Худайбергенов көчөсүндө жолдун жээгинде “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаа толугу менен жана жанаша турган “Тойота Камри С230” үлгүсүндөгү унаанын бампери күйгөн.
Өрт саат 03:50дө чектөөгө алынып, саат 04:08де толугу менен өчүрүлгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.