Жаны кызматка дайындалгандарга аттестация
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы чакыртылып дайындалган жана биринчи офицердик наам алуу үчүн аттестация өткөрүүлүдө.
Аттестация төмөнкү белгиленген тартипте уюштурулууда:
– ээлеген кызмат орду боюнча тестирлөө;
– өрткө каршы жана тактикалык-атайын даярдык боюнча көнүгүүлөр;
– физикалык көнүгүүлөр;
– аскер кызматчылары үчүн жалпы аскердик уставдарынын талаптары.
Белгилей кетсек, өткөн жылы ар кандай жүйөөлү себептер менен аттестация тапшыра албай калган кызматкерлер да тапшырууда.