Жарандык коргонуу боюнча машыгуу өткөрүлдү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуусу орун алды. Машыгуу Республиканын аймагында качкындарды кабыл алып, жайгаштыруу жагын колго алып ар тараптуу колдоо көрсөтүүштү.
Машыгуунун негизги максаты Жарандык коргонуу комиссиясы качкындарды кабыл алуу боюнча күчтөрдү жана каражаттарды көзөмөлдөө.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында өткөрүлгөн машыгуу учурунда чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 1000ден ашык качкындарды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлдү, келген качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо жана тиешелүү процедураларды сактоо үчүн фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иш-аракеттери даярдалган.
Машыгууга КР Президентинин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү, КР Өзгөчө кырдаалдар минстринин орун басары жана Жалал-Абад облустук жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катышты.