Жарандык коргонуу күчтөрү жана каражаттары текшерилди

Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилген Жарандык коргонууну даярдоо планына ылайык, КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде башкармалыктын кызматкерлери менен бирге, комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.

Комплекстүү текшерүүгө Октябрь районунун акиминин 1-орун басары, райондук администрациянын кызматкерлери, кызматтардын өкүлдөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана Октябрь райондук муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчилери катышты.

Ошондой эле Октябрь районунун жарандык коргонуу күчтөрүнүн жана каражаттарынын кароосу өткөрүлдү.