Жарандык коргонуу жаатында окутуулар өттү
ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖААТЫНДА ОКУТУУЛАР ӨТТҮ
ӨКМге караштуу ЖКАДжКД Борборунун 2023-жылга карата Көчмө окууларды уюштуруу мерчемине ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын аймагындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жашаган калкы менен өрт коопсуздугу, ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелерин,ошондой эле сактануу ыкмаларын үйрөтүү максатында Борборунун Аймактык кафедрасынын окутуучусу капитан Абдыбасы уулу Н. атайын окууларды жүргүзүүдө.
Жалпы окутууга 453 адам катышты.


