Жарандык коргонуу жаатында окууларды өткөрдү
КР ӨКМне караштуу ЖКАДжКД Борбору Пландан сырткары окутууну уюштуруу буйругунун мерчемине ылайык, атайын Каракол шаардык мэриясынын башкаруу курамы жана Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусунда өкүлчүлүктүн башкаруу органдарынын курамы менен Жарандык коргонуу жаатында окууларды өткөрдү.
Окутууун негизги максаты — өзгөчө кырдаалдарга калктын даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле жарандык коргонуу жаатындагы бардык деңгээлдеги кызмат адамдарынын билимин жогорулатуу.
Аталган окутууну Борбордун окутуучулар курамы уюштуруп, алып барышты.
Аталган окутууга жалпы он кызматкер катышып, жыйынтыгында Жарандык коргонуу жаатындагы укуктук ченемдик актылары жөнүндө атайын китептер жана көргөзмө плакаттар таратылды.


