Жардамдар жабыркагандарга таркатылууда

Баткен облусуна келген гуманитардык жардамдарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын өздүк курамы Кадамжай , Айдаркен, Раззаков, Сүлүктү шаарларында түзүлгөн комиссияга өткөрүп беришти.
Өздүк курам тамак-аш азыктарын, гигиеналык каражаттарды жергиликтүү бийликтин белгиленген имараттарына ташып киргизүү, түшүрүү сыяктуу техникалык жумуштарды аткарып беришүүдө.
Ал эми кабыл алган комиссия тарабынан эвакуацияланган элдерге таркатуу иштери жүргүзүлүп жатат.