Жеңил унаа сайга түшүп, эки адам каза болду

29-ноябрь күнү Өзгөн районунун Чечебай айылында Daewoo-Tico үлгүсүндөгү унаа сайга түшүп кеткендиги туралуу маалымат түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши ар кандай жаракат алышкан, учурда аты-жөндөрү такталууда. Жабыркаган жарандар тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген, ал эми каза болгон жарандардын жансыз денелерин туугандары алып кеткен.
Куткаруучулар унааны сайдан чыгарышкан.
Жерине ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылган.