Жер көчө турган аймакта жашаган 2 110 үй-бүлө жардам алса да көчпөй жатат

ЖЕР КӨЧӨ ТУРГАН АЙМАКТА ЖАШАГАН 2 110 ҮЙ-БҮЛӨ ЖАРДАМ АЛСА ДА КӨЧПӨЙ ЖАТАТ
Учурда жер көчүшү мүмкүндүгү бар кооптуу 4 554 аймак болсо, анын 1186сы калктуу конуштарга жана инфраструктуралык объектилерге коркунуч жаратууда. Негизинен жер көчкү процесси республиканын түштүгүндө кездешип, кырсыктын 93 пайызы Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймактарында өрчүгөн.
Бул багытта министрлик тарабынан атайын комплекстүү иш-чаралар өткөрүлдү. Биринчиден, бул талаа изилдөө иштери. Жер көчөрү боолголонгон ар бир аймак март айынан июнга чейин байкоого алынат. Бүгүнкү күндө атайын адистердин жардамы менен жаңы технологиялар колдонулууда. Алар жер көчкү процесстеринин динамикалык жылышуусун, ошол жердеги жаңы пайда болгон жаракаларды каттоо боюнча жумуштарды жасайт. Анын жыйынтыгы менен жыл сайын биздин департамент тарабынан атайын жер көчкүнү божомолдоо китеби таратылат. Бул жылы да бардык жергиликтүү бийлик органдарына жана башка кызыкдар тараптарга берилген. Жылына облустарга 200 даана, ал эми айыл өкмөт башчыларына электрондук версиясы жиберилет. Бул китептин негизинде министрлик да, жергиликтүү бийлик да алдын алуу иштерин көрүшү керек. Жыл башынан эле жергиликтүү бийликке кооптуу аймактар боюнча 2 900 эскертме берилди. Жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашап жаткан үй-бүлөлөргө чара көрүү керек.
Бүгүнкү күндө коопсуз аймактарга көчүрүлүүгө тийиш жалпы 3 780 үй-бүлө бар. Анын ичинен 3300ү жер көчүшү мүмкүн деген жерде жашайт. Булардын 1190у — мамлекеттен жардам же жер тилкесин албагандар. Ал эми 2 110 үй-бүлө — жардам, жер тилкесин алса да көчпөй жашап жаткандар.
Жер көчкүнүн себептери көп болушу мүмкүн. Жаан-чачындын күчөшү, кышында кар көбүрөөк жаап, жазында тез эрип кетип, ошол аймакта нымдуулуктун жогору болушу таасир этет. Бул — климаттык факторлор. Мындан тышкары, геологиялык факторлорго жер кыртышынын түзүлүшү кирет. Түштүктө сары топурак болгондуктан тез нымдашып, жылышууга ыңгайлуу болот. Жер көчкүнү тез арада текши изилдөө мүмкүнчүлүгү жок, бирок аныктоо үчүн түрдүү ыкмаларды колдонулат.. Космостон алынган сүрөттөр менен жерине барып анализдеп, жарака кеткен жерлер каралат. Азыр жердин жылышын миллиметрге чейин так көрсөткөн шаймандар бар.
Кенен маалымат Sputnik.kg сайтынан окуңуз.