Жер көчкүлөрдүн изилдөө иштери жана жергиликтүү калкка түшүндүрүү иш чаралары өтүүдө

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери кооптуу табигый процесстердин өрчүүлөрү күтүлгөн жаз – жай мезгилдерин коопсуз өткөрүүнү камсыздоо максатында, республиканын түштүк аймагындагы жер көчкүлөрдүн учурдагы абалдарына 2023-жылдын 14-мартынан тартып жер көчкүлөрдүн ортофотопландарын түзүү максатында DJI Matrice 300 RTK учкучу жок учуучу аппаратынын (БПЛА) жана GNSS кабыл алуучу шаймандардын жардамында өз алдынча башкаруу органдарынын адистери менен биргеликте изилдөө иштери жана жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түзүлгөн иш мерчемдин негизинде кезектеги иш сапары Ош облусунун Алай районунда болуп өттү.

Департаменттин адистери тарабынан, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана ӨК адистери менен биргеликте жыйын өткөрүлүп, 2023-жылга берилген Атайын-эскертме каттарда белгиленген сунуштарды ишке ашыруу менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андан сырткары Корул айыл аймагына караштуу Кең -Жылга айылындагы Корул суусунун сол жээгиндеги ички чарбалык жол сел сууларынын кесепетинен толугу менен эрозияга учурап жуулуп кеткен, Сай участасындагы Корул суусунун эрозияга учураган эки жээги жеринде изилденип, тиешелүү тараптарга иш алып баруу үчүн сунуштар берилди.