Жер төлөдөн өрт чыгып, бир адам жабыркады

1-декабрь күнү саат 09:47 чамасында Октябрь районунун Көк-Жар конушундагы Арстанбап көчөсүндө турак үйдүн жер төлөсүндө 2 тонна көмүр, 3 куб отун жана 5 кап картошка күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 1997-ж.т. аял киши көмүр кычкыл газына ууланып тез жардамга кайрылган. Абалы туруктуу.
Өрт саат 10:56да чектөөгө алынып, саат 12:05те толугу менен өчүрүлдү.
Учурда өрттүн себеби такталууда.