Жети-Өгүз районунда “5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү”белгиленди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү” белгиленди.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, ага ӨКМдин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмүнүн өкүлдөрү, Жарандык коргонуу кызматтары, мугалимдер, мектеп окуучулары катышты.
Райондун акими Мураталы Тагаев өз сөзүндө: “Дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү табигый кырсыктардын санынын өсүшүнө алып келүүдө. Буга байланыштуу адам өмүрүн сактоодо жана материалдык баалуулуктардын чыгымын азайтууда ЖК кызматтарынын даярдыгын жогорулатуу жана калкка кырсыктардан коргонуу тууралуу маалыматты жеткирүү маанилүү”,- деп белгиледи.
Иш чаранын алкагында мектеп окуучулары арасында буга чейин жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, мыктыларга баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле райондун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин өз учурунда жоюуга активдүүлүгүн көрсөткөн ЖК кызматтарынын кызматкерлери грамоталар менен сыйланды.
Белгилей кетсек “5-октябрь кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында республика боюнча иш-чаралар өткөрүлүүдө.