Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат

ЖИГИТКЕ ЖЕТИМИШ ӨНӨР АЗДЫК КЫЛАТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 86123 аскер бөлүгүнүн Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда өткөн жылы борбордо ачылган “Эдельвейс” тоодон куткаруучулар кошууну Аламүдүн районуна караштуу “Кашка-Суу” лыжа базасында машыгуудан өтүшүүдө.
Окутуунун, тажрыйбадан өткөрүүнүн негизги максаты – бийик тоолордо адашкан, кырсыктаган адамдарга жардам берүү учурунда куткаруучулар ак кар, көк музда өзүн алып жүрүүгө, ар кандай бийиктиктерге жүрүш жасоого, тоодон издеп куткаруу иштерине ыңгайлашуу. Алар тоо шартында уюштурулган окутуунун алкагында карда жүрө турган техникаларды колдонууну жана лыжа тебүүнү өздөштүрүүдө.
Мындан сырткары министр Бообек Ажикеев дин демилгеси менен англис тилин окуп, үйрөнүп жатышат. Анткени бийик тоолордо чет элдик туристтерге котормочусуз жардам берүү зарылдыгы келип чыгат.