Жол кырсыгынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза тапты
❗️❗️Бүгүн таң эрте Чуй облусунун Москва районунун Ак-Торпок айылында өлүм менен коштолгон жол кырсыгы катталды.
“Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшүп, анын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан.
Кырсык катталган жерге Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу тартылган.
Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э. Ж. аттуу жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.