Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады

Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталып, Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү унаасы менен Лексус RX 350 унаалары сүзүшүп, жол кырсыгынын кесепетинен Лексус унаасынын айдоочусу жеринен каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Куткаруу ишине 154-чакырымда нөөмөттө турган Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун(КДМБ) куткаруучулары тартылып, жеринде иш алып барышкан.