Жол кырсыгынан эки жаран куткарылды
Свердлов районунун, Элебесов көчөсүндө “Мерседес-Бенц” менен “Хонда-Фит” унаасы кагылышып, жабыркагандар бар тууралуу маалымат түшкөн.
📌Жерине ыкчам түрдө Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
❗️Натыйжада жол кырсыгынан 2 адам унаада кыпчылып калгандыгы аныкталган.
Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.