Жолдун ачылышы тууралуу маалымат алууда 112 номерине байланышыңыз

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жаткандыгына байланыштуу, жол тыгындарын алдын алуу максатында, саат 21:00дөн баштап Бишкек – Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилди.
Ал эми жеңил унаалар өтүүдө.
☎️Жолдун ачылышы тууралуу маалымат алууда 112 номерине байланышыңыз.