Жоокерлер Улуттук тарых музейинде

ЖООКЕРЛЕР УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИНДЕ
28- 29-январь күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгү – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда анык мөөнөттөгү жаш жоокерлер Улуттук тарых музейи менен таанышышты.
Борбордун жетекчилиги уюштурган экскурсияда жоокерлер кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, турмушун, каада-салтын чагылдырган баалуу казынасын көрүштү. Байыркы доордон эгемендүү Кыргызстанга чейинки кеңири мезгил аралыгын камтыган музейдин экспонаттарын көрүп, маданий жана тарыхый баалуулуктардан кабардар болушту.
Экскурсиянын жүрүшүндө музейдин кызматкери экспонаттарын тарыхына токтолуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.
Мындай иш-чаранын негизги максаты — жаш жоокерлердин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, кыргыз элинин басып өткөн жолу менен тааныштыруу.